Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Казакстанга эмне максат менен келди?
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Маалым болгондой, Эмомали Рахмонду өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин, ведомстволордун жетекчилери жана ишкерлерден турган жоон топ коштоп келген.
Рахмон 3-4-майда Астанада Казакстан менен Тажикстандын бизнес форумуна келген. Бизнес-форумга эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле эки өлкөнүн өнөр жай, айыл чарба, курулуш, туризм, логистика жана фармацевтика тармагындагы ишкерлери катышат.
Форумдун негизги максаттарынын бири - ишкерлер арасында бизнес өнөктөштөрдү издөө жана Тажикстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandyn-prezidenti-emomali-rahmon-kazakstanga-emne-maksat-menen-keldi
Добавить комментарий ×