Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын президенти менен жолугушту
Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.
Нурланбек Тургунбек уулу Эмомали Рахмонго Кыргызстандын президентинин жолдогон саламын жеткирди.
“Эми эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдары жетишилген келишимдерди колдоого алып, ийгиликтүү ишке ашуусуна жардам беришибиз кажет. Биз мындан ары бардык багыттагы алакаларды арттырып, экономикалык багыттагы өнөктөштүктү өрчүтүүбүз зарыл. Анткени, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 500 млн долларга жеткирүү жаатындагы максатыбызды тез арада ишке ашырып, кызматташтыкты кеңейте алсак, эки өлкөнүн тең өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн болобуз. Айрыкча Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин дарбазасы катары Тажикстандын ири рынокко чыгуусуна көмөк көрсөтүүгө даяр”, – деп кошумчалады.
Эмомали Рахмон да Тажикстан калыптанган тарыхый алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдирди.
Анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү учур талабы экенин айткан Эмомали Рахмон аталган тармакта алгылыктуу иштерди жүргүзүү керектигине токтолду.
Муну менен катар парламенттер аралык диалог өнөктөштүктүн негизги өзөгүн түзөрүн белгилеп:
“Сиздин расмий сапарыңыз кыргыз-тажик алакасын жаңы деңгээлге чыгарат деген ишеничтемин”, – деди ал .
Мындан тышкары, тараптар маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, экологиялык демилгелерди биргелешип ишке ашыруу жаатында да ой бөлүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/nurlanbek-turgunbek-uulu-tazhikstandyn-prezidenti-menen-zholugushtu
Добавить комментарий ×