Казакстандын президенти Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди
Кыргызстанга расмий жумуш сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, ошондой эле белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-prezidenti-chygyz-ajtmatovdun-esteligine-glchambar-koyup-eskerdi
Добавить комментарий ×