Тажикстанда мечит куруп жаткандар 33 метр бийиктиктен кулап түшүштү
Душанбедеги борбордук мечиттин имаратын куруп жатып онго чукул куруучу 33 метрлик бийиктиктен кулап түштү. Бул тууралуу Орто Азия жаңылыктары жазды.
«Окуя 25-февралда мечиттин төбөсүндө куроо-туташтыруу иштери жүрүп жаткан маалда болду. Күтүүсүздөн шатылар кыйрап, курулушчулар жерге кулап түшүштү. Болжол менен сегиз киши «тез жардам» унаасы менен Улуттук медициналык борборго жеткирилди», — деп билдирген жумушчулардын бири.
Борбордук мечитте иштеген башка бир курулушчу Мухаммадали Султоновдун айтымында, жумушчулар коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес. Алар иран компаниясында иштешкен. Улуттук медициналык борбордон билдиргендей, жабыр тарткандардын биринин абалы оор.
Борбор Азиядагы эң ири мечит болот деп салынып жаткан объектинин пайдубалы 2009-жылы түптөлгөн. Ал 12 гектар аянтты ээлейт. Мечиттин долбоору Тажикстан жана Катардын адистери тарабынан даярдалган. Душанбенин Борбордук мечитине бир эле учурда 120 миң киши батат. Муну менен ал Түркмөнстандагы «Түркмөнбаши Рухы», Кыргызстандагы «Имам Сарахси» мечиттеринен дагы чоң болот. Долбоордун наркы 100 миллион долларга бааланган. Анын 70 пайызын Катар, 30 пайызын Тажикстан өкмөтү каржылайт.
Прокуратура бул факт боюнча териштирүү ишин баштады. Учурда объектиде 300дөн ашуун киши иштеп жаткан. Мечиттин 75%ы бүтүп калган.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstanda-mechit-kurup-zhatkandar-33-metr-bijiktikten-kulap-tshsht
Добавить комментарий ×