Тажикстанда чоң энеси небересин алгач муунтуп, кийин тирүүлөй жерге көмгөн
Тажикстанда 3 жаштагы баласын тирүүлөй жерге көмгөн аялды соттоп жатышат. Бул тууралуу Азия жаңылыктары Хатлон облусундагы прокуратуранын билдирүүсүнө таянып жазды.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 4-декабрда облусттук прокуратага иш каралууга өткөн. Маалыматта айтылгандай, окуя ушул жылдын 12 сентябрында Ифтихор районундагы Навобод айылында болгон. 58 жаштагы Ашурова Ходжара аттуу аял өзүнүн небересин муунтуп, андан соң тирүүлөй жерге көмгөн.
Сурак учурунда чоң апасы келинине болгон жек көрүүсүнөн улам ушундай жолго баргандыгын айткан.Анын айтуусунда келини дайыма уруш-жаңжал чыгарып, эл арасында да ызы-чуу салып жүргөн.
Ал эми келини Гүлсанам баласын өлтүрсө да, кайненесин кечиргениндигин айтып, күйөөсү менен ажырашпай тургандыгын билдирген. Бирок, кайненеси менен чогуу жашабайм, ал жакта баламдын элестери калып калган деп айткан.
Баланы издөө иштери анын чон энеси "Неберем сууга чөгүп кетти"-дегенден кийин башталган. Суудан эч ким тапкан эмес. Бир топ күндөн кийин кой кайтарып жүргөн киши кичинекей баланын жансыз денесин таап алып, милицияга кабарлаган.
Иликтөө иштеринен кийин небересин тирүүлөй көмгөнүн чоң энеси моюнуна алган. Учурда сот иштери жүрүүдө жана аялга 8 жылдан 15 жылга эркинен ажыратуу каралууда-деп билдирген Тажикстандын ИИМ кызматы.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstanda-cho-enesi-neberesin-algach-muuntup-kijin-tirlj-zherge-kmgn
Добавить комментарий ×