“Талибан” кыймылы афган-тажик чек арасынын 80 пайызына көзөмөл орнотту
“Талибан” радикалдык кыймылынын жоочулары афган-тажик чек арасынын 80 пайызына көзөмөл орнотту. Бул тууралуу РИА Новости булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Расмий Дүйшөмбү бул боюнча азыр комментарий бере элек.
Бүгүн 22-июлда Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талибдер Тажикстан менен афган чегин толук көзөмөлгө алганын билдирген болчу. Ал “бул аймактарга Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын согуштук зоналарында жүрүп келген террористтик күчтөр келүүдө, ал эми баңгизатын өндүрүү рекорддук чегине жетти” деп билдирген.
Бирок Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги “РИА новости” сайтынын булактары мындай маалымат чындыкка дал келбесин айтты.
Буга чейин талибер афган-тажик чек арасынын 70 пайызына көзөмөл орнотушканы тууралуу дагы маалымдалган. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик-афган чек арасын чыңдоо үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону өлкөнүн Коргоо министрлигине тапшырган.
Ссылка: https://barometr.kg/taliban-kyjmyly-afgan-tazhik-chek-arasynyn-80-pajyzyna-kzml-ornottu
Добавить комментарий ×