Таластагы "Шыралжын" кенинде 27 жаштагы жигитти таш басып каза болду

13 декабря 2018 17:29 1431 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы "Шыралжын" алтын кенинде 27 жаштагы жигитти таш басып каза болду. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын башчысы Махабат Мансурова кабарлады.

Маалыматка ылайык, каза болгон жигит Оро айылынын тургуну болгон жана кен тармагында эки жылдан бери иштеп келе жаткан. 

Шыралжын кенинде буга чейин мындай окуя катталган эмес. Кенди "Глобал Шыралжын Майнинг" компаниясы иштетет. Анда 300дөй адам эмгектенет.

Маркумдун артында үч баласы жана жубайы калды. 

Ссылка: https://barometr.kg/talastagy-shyralzhyn-keninde-27-zhashtagy-zhigitti-tash-basyp-kaza-boldu



Добавить комментарий