Масабиров: Түркияда өтчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көкпар эмес көк бөрү негизги оюн болушу керек
Быйыл Түркияда өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунунун алкагында кыргыздардын «көк бөрүсү» ойнолобу же казактардын «көкпары» ойнолобу? Азыр биздин көңүлүбүздү ушул маселе өйүп турат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров парламенттин жыйынында билдирди.
Тийиштүү мамлекеттик органдар азыртан ушул маселенин башын чечип алышы керек дейт депутат.
«Алдын ала макулдашууларга ылайык, Түркияда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда «көк бөрү» ойнолмок. Бирок, акыркы маалыматтарга караганда, «көкпар» ойнолот экен деген да кабар бар. Менимче, макулдашуу болгондон кийин «көк бөрү» негизги оюн болушу керек, ал эми «көкпар» кошумча оюн катары ойносо ойноло берсин», - деди депутат.
Эске салсак, быйыл жайында Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндары өтөт. Ал кезекти Кыргызстандан алган.
Ссылка: https://barometr.kg/t-masabirov-djnlk-kchmndr-oyununda-kk-br-negizgi-oyun-bolushu-kerek
Добавить комментарий ×