Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча беттеште “Достук” командасы жеңүүчү болду

10 мая 2023 12:34 813 Barometr
Поделиться в:
ok

 Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча беттеште “Достук” командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Белгилүү болгондой, кече, 9-май күнү Жалал-Абад облусунун “Телтору” ат майданында Улуу Жеңиш күнүнө  арналган спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өттү. 

Анын алкагында көк бөрү боюнча беттештер өтүп, бардык аймактан келген 35 команда катышты.

Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада 12 команда, экинчи лигада 9 команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда беттешти.

Мелдештин жыйынтыгы:

Жогорку лига:

1-орун — “Достук” (700 миң сом);

2- орун — “Сары-Өзөн” (400 миң сом);

3- орун — “Ынтымак” (200 миң сом);

4- орун — “Мурас” (100 миң сом);

5- орун — “Жаштык” (50 миң сом);

6- орун — “Алтын-Алянс” (50 миң сом);

Мыкты оюнчу — Ниязов Манас (50 миң сом);

Мыкты аргымак — Мельбург (10 миң сом).

Биринчи лига:

1- орун — “Ийгилик” (150 миң сом);

2- орун — “Өзгөн” (80 миң сом);

3 -орун — “Ысык-Ата” (50 миң сом);

Мыкты оюнчу — Тургунбаев Эржан (5 миң сом);

Мыкты аргымак — Бишкек(5 миң сом).

Экинчи лига:

1- орун — “Кара-Кулжа” (70 миң сом);

2- орун — “Талас шаары” (50 миң сом);

3- орун — “Биримдик” (30 миң сом);

Мыкты оюнчу: Сейитказы уулу Айтмерек (5 миң сом);

Мыкты аргымак: Беш—Кашка (5 миң сом).

40жаш:

1- орун — “Бишкек-Сергүү” 40жаш (70 миң сом);

2- орун — “Жети-Дубан” (50 миң сом);

3- орун — “Талас” (30 миң сом);

Мыкты оюнчу — Алсеитов Мирлан (5 миң сом);

Мыкты аргымак — Деңиз (5 миң сом).

Ссылка: https://barometr.kg/uluu-zheish-knn-arnalgan-kk-br-boyuncha-betteshte-dostuk-komandasy-zhech-boldu



Добавить комментарий