Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

30 марта 2021 15:16 2428 Barometr
Поделиться в:
ok

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусуна прокурор болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Тиешелүү буйрукка Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 30-март күнү кол койгон.

Белгилей кетсек, Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюулуп кеткенден кийин кызматы жок калган.

Кийинчерек ага "Финансы полициясынын генерал-майору" наамы берилген.

Буга чейин, Сыймык Жапыкеев өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу, азырынча эч кандай кызматка барбай турарын айткан. Себеби, ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр болуп жаткандыктан, дарылануу керектигин билдирген.

Эске сала кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын же кыскарта айтканда Финансы полициясын жоюу жөнүндө чечим өкмөт тарабынан 5-мартта кабыл алынган. 

Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-zhapykeev-ysyk-kl-oblusunun-prokuroru-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий