Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылды

12 марта 2021 12:41 1779 Barometr
Поделиться в:
ok

Финполдун мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеевге финансы полициясынын генерал-майору наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жапыкеевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Достор, эң биринчи сиздерге рахмат, Кудайга ыраазымын. Президентке чоң рахмат, чын жүрөктөн кубанып жатам. Эл, жер, өлкө үчүн эмгегимди аябайм", - деп жазды Жапыкеев.

Эске сала кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын же кыскарта айтканда Финансы полициясын жоюу жөнүндө чечим Өкмөт тарабынан 5-мартта кабыл алынган. 

Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-zhapykeevge-general-major-naamy-yjgaryldy



Добавить комментарий