Сузакта дарыгер өпкөсүнө суук тийип каза болду

5 апрель 2020 20:42 742 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республикалык штаб Сузак райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатр дарыгеринин өлүмү тууралуу маалыматты таратты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-мартында Сузак аймактык ооруканасына Сузак үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатр дарыгери А.Б., 1956-ж. т. 1- жана 2-даражадагы курч дем алуу жетишсиздиги жана пневмония оорусу менен келип түшкөн. 

"Бейтап келгенде абалы өтө оор болгондуктан реанимациялык бөлүмгө кабыл алынган. Бардык зарыл болгон диагностикалык иш-чаралар өткөрүлүп, тиешелүү дарылоо көрсөтүлгөн.

Дарыгер өткөн жылдын декабрынан тартып ооруп жаткандыгы белгилүү болгон жана ал өз алдынча дарыланып келген. Дарыгер коронавирус менен ооругандардын обсервация жайларына, изоляторлордо иштөөгө тартылган эмес жана үй карантининдеги адамдарга барган эмес. ПЦР коронавирус аныктоосу жүргүзүлүп, жыйынтыгы терс чыккан.

Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, бейтап үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде көз жумду. Өлүмдүн себеби бейтаптын ооруканага өз убагында кайрылбай, өз алдынча дарыланганынан улам пневмония өтүшүп, дем алуунун начарлоосу, өпкө артериясынын тромбоэмболиясы келип чыккан".

Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-daryger-pksn-suuk-tijip-kaza-boldu



Добавить комментарий