Сузакта 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран кармалды
Сузактагы 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 28-апрель күнү болжол менен саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында “Деу-Нексия” жана “Мерседес-Бенц” автоунаалары сүзүшүп жол кырсыгына кабылган.
Натыйжада, "Деу-Нексия" автоунаасында жүргүнчү болуп бара жатышкан 3 жаран каза болуп калган. Ал эми айдоочусу ооруканага жаткырылган. Сузактагы 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
“2023-жылдын 28-апрель күнү болжол менен саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында “Деу-Нексия” жана “Мерседес-Бенц” автоунаалары сүзүшүп жол кырсыгына кабылган. Натыйжада "Деу-Нексия" автоунаасында жүргүнчү болуп бара жатышкан 3 жаран каза болуп калган. Ал эми айдоочусу ооруканага жаткырылган.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши коголгон.
Жол кырсыгына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында “Мерседес-Бенц” автоунаасынын айдоочусу Сузак районунун тургуну 1990-ж.т. Э.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-3-adam-kaza-bolgon-zhol-kyrsygyna-shekt-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×