Сузакта дайынсыз болгон эки жаш бала аман-эсен табылды (Сүрөт)
Дайынсыз болгон эки жаш бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 20-августта саат 20:00 чамасында Масадан айылындагы каналына (Жалал-Абад облусу, Сузак району) эки жаш бала (2012-ж.т. жана 2010-ж.т.) балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болушкан. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сузак райондук №65 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 15 куткаруучу, ИИМ, жана туугандары тартылган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 21-августта эки жаш бала каналга жакын жайгашкан турак үйдүн чатырынан куткаруучулар тарабынан аман эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-dajynsyz-bolgon-eki-zhash-bala-aman-esen-tabyldy-srt
Добавить комментарий ×