"Абайлагыла балдар". Коомдук унааларга эскертме баннерлери илинүүдө
Коомдук унааларга эскертме баннерлери илинүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы окуу жылынын башталышын утурлай, окуучулардын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук унааларга “Абайлагыла балдар”, “Көңүл бургула балдар” аталышындагы эскертүү баннерлерин илишүүдө.
Бул илинген банерлердин негизги максаты коомдук унааларда окуучулар бар, андыктан жол кыймылынын башка катышуучулары жол эрежелерин сактасын, катуу ылдамдыкта айдабасын, деген түшүнүктү пайда кылуу болууда.
Ссылка: https://barometr.kg/abajlagyla-baldar-koomduk-unaalarga-eskertme-bannerleri-ilind
Добавить комментарий ×