Коменданттык саат: Сузак районунда абал тынч
Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак раойонунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 2-апрелден 3-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп – 31 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен - 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактын карамагында болгон.
Ошондой эле “Коронавируска” тиешелүү такталбаган жалган маалыматтарды тараткан текшерүүнү талап кылган – 3 факты катталып (Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Тогуз-Торо), учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 177 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймактарында жүргүзүлүп жаткан күчөтүлгөн тартиптеги алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы өз найтыйжасын берип, өткөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 1 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШИИБге жеткирилген. (2-апрелге карата – 7 атуул коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалган эле).
Ошондой эле, ал калкка кайрылуусунда элдин ден соолугу мамлекеттин башкы байлыгы экендигин баса белгилеп өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-abal-tynch
Добавить комментарий ×