Кыргызстандагы коронавирус: Сузакта абал туруктуу

31 марта 2020 11:56 1066 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак раойонунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары, Сузак району боюнча коменданттын Басма сөз кызматы билдирди.

Жалпыга белгилүү болгондой өзгөчө абал киргизилген аймактарда учурда жалпысынан – 40 ашуун санитардык-карантиндик посттор иштеп, анда күнү-түнү укук коргоо органдарынын, аскер кызматтарынын, санитардык-дезинфекция кызматтары жана дарыгерлер менен биргеликте элдин саламаттыгы үчүн кызмат өтөп жатышат.

2020-жылдын 30-мартынан 31-мартка караган түнү областын аймагында жана коменданттык саат киргизилген аймакта баары болуп – 14/12 кылмыш окуялар катталган, оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. Коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 151 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 9, ал эми  Сузак районунда жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралшардын натыйжасында коменданттык сааттын эрежесин бузган атуулдар болгон жок.   Ошондой эле аталган аймактардан жалпы - 64 автоунаа кармалып, айып аянтчасына коюлган.

Ошондой эле, “өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө”буйругум менен   күнүмдүк азык-түлүк жана керектелүүчү мөмө-жемиштерди ташыган автоунаалар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан КРнын ИИМдин Жол кайгуул күзөт кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлүп жатат (өткөн сутка ичинде - 30 жүк ташуучу унаа өткөрүлгөн).

Бүгүңкү күндө укук коргоо органдары жана улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы да тиешелүү жумуштарды алып баруудабыз. Айрыкча элдин арасында жалган такталбаган маалыматтарды соц.тармактарда таратып жиберип, элди дүрбөлөңгө салгандардын үстүнөн жумуштар жүргүзүлүп, бул багытта УКМК тарабынан – 12 факты, ал эми соодагерлер арасында элге керектүү болуп жаткан азык-түлүктүн бааларын негизсиз кымбаттатып, учурдан пайдаланууну көздөгөн атуулдардын үстүнөн – 2 факты аныкталып, Бузуулар Кодексинин  (218-берене. Бааларды негизсиз жогорулатуу) негизинде чаралар көрүлгөн. Ал эми милиция тарабынан жалпы – 11 жалган маалымат тараткан фактылар аныкталып (сутка ичинде – 1 катталган Аксы району), учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгы менен сөзсүз жоопкерчиликке тартылат деп ойлойм.

Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-abal-turuktuu



Добавить комментарий