Суусамырда 4 жаштагы бала жоголуп, издеп жатышат

11 июня 2019 10:46 4111 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областында Жайыл районунда 2-июнь күнү саат 11:00 чамасында Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жалпы 36 куткаруучу издөө иштерине тартылды.Издөө иштери улантылууда.

Ак-Талаа районунда 17-май күнү Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен.

2019-жылдын 10-июнь күнү Ак-Талаа районунда ӨКМнин №47 ӨКБ 5 куткаруучу Нарын дарыясын бойлой издөө иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштери ушул күнгө чейин улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/suusamyrda-4-zhashtagy-bala-zhogolup-izdep-zhatyshat



Добавить комментарий