Суучулдар 10 күн мурда чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жүрүп, бир адамды куткарып калышты

29 июля 2022 10:54 1846 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлгө чөгүп жаткан кыз аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 28-июлда болгон.

"Алия" мейманканасынын тушундагы көлгө 2006-жылы туулган Э.А. аттуу кыз чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат суучул-куткаруучуларга түшкөн.

Тактап айтканда, ошол учурда “Алия” эс алуу жайынын тушундагы жээкке жакын көл үстүндө суучул-куткаруучулар бир нече күн мурун чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жатышкан.

Издөө ишинде жүрүшкөн Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, 2 суучул көлгө чөгүп жаткан кызга өз убагында жетип, суудан аман-эсен алып чыгышып, “Тез жардам” кызматынын адистерине өткөрүп беришкен", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/suuchuldar-10-kn-murda-suuga-chgp-ketken-4-zhashar-kyzdy-izdep-zhrp-dagy-bir-adamdy-kutkaryp-kalyshty



Добавить комментарий