Стив Джобстун өз колу менен жазылган анкентасы $ 221 842 сатылды

26 марта 2021 13:26 1583 Barometr
Поделиться в:
ok

Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобстун жумушка орношуу тууралуу жазган анкетасы 221 842 АКШ долларына сатылды. Бул тууралуу аукционду өткөргөн  Charterfields компаниясынын сайтында жазылган маалыматка шилтеме берип “Бизнес Барометр” билдирет.

Джобс бул анкетаны 1973-жылы Орегон штатындагы “Рид” колледжин таштап койгондон кийин жумушка орношуу үчүн жазган. Бир жылдан кийин, ал Atari компаниясына техник болуп жумушка орношкон. Ал Atari компаниясында үч жылга жакын Apple компаниясын негиздегенге чейин иштеген.

Анкетага Джобс өзүнүн "компьютерлер жана калькуляторлор" менен иштөө тажрыйбасын, ошондой эле, электрондук технологиялар жана санариптик дизайн боюнча жөндөмдүүлүгүн эскерет.

Аукцион 24-февралдан 24-мартка чейин өткөн. 2018-жылы анкета аукционго коюлуп, анда 175 миң долларга сатылган.

Эске сала кетсек, Стив Джобс 2011-жылы 5-октябрда каза болгон. Ал аш казандын рак илдетине кабылып, көп жылдар боюу оорусу менен алышып жүргөн. 

Ссылка: https://barometr.kg/stiv-dzhobstun-z-kolu-menen-zhazylgan-ankentasy-221-842-satyldy



Добавить комментарий