Орунбеков “Мегаком” эмне үчүн сатыкка коюулганы тууралуу үн катты
Mega соода маркасындагы (мурдагы MegaCom) "Альфа Телеком" жабык акционердик коому аукционго коюлуп, сатылса да мамлекеттин карамагында калат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын бшачысы Дайырбек Орунбековдун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Орунбековдун айтымында, "Альфа Телеком" (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок.
“Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо.
Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат.
Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө”, -деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, компаниянын баштапкы баасы 14,6 миллиард сомго (166 миллион доллар) бааланган. Аукцион электрондук түрдө өтүп, ар бир баскычта 200 миллион сомдон көтөрүлүп турат.
Сатып алууну каалаган тараптар табыштамаларын 4-июль саат 10:00дөн 2-октябрь саат 10:00гө чейин жөнөтсө болот. Ошол эле күнү саат 16:00дө электрондук соода аянтчасында аукцион өтөт.
Мамлекет ээлик кылып келген "Альфа Телекомдун" 8 миллион 700 миң 100 даана акциясы болсо, ошонун баары толугу менен сатылат. Аталган компаниянын 2,5 миллион сомдон ашык абоненти, 5 503 базалык станциясы бар экени жана 1 292 адам эмгектенери жазылган.
Ссылка: https://barometr.kg/orunbekov-megakom-emne-chn-satykka-koyuulgany-tuuraluu-n-katty
Добавить комментарий ×