Мэрия дарыкана, ашкана сыяктуу чакан бизнеске аянтчаларды аукционго койду
Поделиться в:
Бишкек шаарында муниципалдык мүлктүн онлайн аукциону башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө электрондук аукционун баштады.
"Борбор калаада соода аянтында жайгашкан объекттилерге аукцион старт алды. Бул аянтчалар төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын орнотуу, чакан жайлар, андан тышкары ашкана, даарыкана жана башка кеңселер үчүн.
Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өтүүчү аукционго катышууга чакырабыз жана сиз коррупциялык тобокелдиктерсиз жана тааныштарыңызды жана досторуңузду издебестен мүлктү толугу менен ижарага ала аласыз", -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×