Сүрөттөр. Жеңин түрүп, президент Жээнбеков ишембиликке чыкты

15 сентября 2018 18:00 1178 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 15-сентябрда, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөрүлгөн ишембиликке катышты. 

Мамлекет башчысы менен бирге Кыргыз республикасынын президентинин аппарат кызматкерлери  бактын  территориясын  тазалашты.  Жумушка «ЭкоДеми» коомдук фондунун волонтерлору дагы кол кабыш кылышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков волонтерлор менен бирге Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндөгү акциянын  катышуучуларына  онлайн салам жолдоду.

Ишембилик аяктагандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков бактын абалы менен таанышып чыкты. Бакты реконструкциялоонун планы тууралуу мамлекет башчысына  ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева менен Бишкектин мэри Азиз Суракматов айтып беришти.

Ссылка: https://barometr.kg/srttr-zhe-trp-prezident-zheenbekov-ishembilikke-chykty



Добавить комментарий