Сот залындагылар баары Осмонбек Артыкбаевди үй камагына чыгарууну өтүнүштү
Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек Жылуулук Электр борборун (ЖЭБ)(ТЭЦ) модернизациялоо иштери боюнча соттук териштирүү уланды. Анда жактоочусу Нурлан Сыдыков айыпталып жаткан Осмонбек Артыкбаевге тагылган кинелердин бири да далилденбегенин белгилеп, аны үй камагына чыгаруу боюнча сотко төрагалык кылуучу судьяга өтүнүчүн келтирди.
“Жактоочулар Осмонбек Артыкбаевдин айыбы жок экени боюнча сотко төгүндөлгүс далилдерди келтирди. Суракка алынган күбөлөр да анын айыбы жок экенин тастыкташты. Гуманизм принцибин жетекчиликке алып, Артыкбаевдин ден соолугунун абалын эске алуу менен аны үй камагына чыгарууну өтүнөм”, - деди жактоочу.
Артыкбаев ЖЭБ боюнча бир да келишимге кол койбогонун, эч кандай кызыкчылыкты жактабаганын жана модернизация ишине катышпаганын жактоочу дагы бир жолу эске салды.
Бул өтүнүчтү сот залындагылар баары колдоп, Осмонбек Артыкбаевди үй камагына чыгарууну өтүнүштү.
Кошумчалай кетсек, бул иш боюнча соттук териштирүүгө Артыкбаевди майыптар коляскасында алып келишет. Ал өзү басып келе албайт.
Артыкбаев буга чейин бир жылда эле омурткасынан эки жолу операция болгонун, дагы үчүнчү операция талап кылынып жатканын дагы башка жактоочулар Асель Рысбаева менен Рабига Садыкова айтышты.
Добавить комментарий ×