Артыкбаев: Мен эч качан мыйзамды бузган эмесмин!
Бүгүн, 6-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу иш боюнча сот процесси уланды. Соттук отурумда парламенттин депутаты, экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаев акыркы сөз менен чыкты. Артыкбаев бул иште күнөөсү жоктугун айтып, Кудай алдында дагы, эл алдында дагы таза экендигин кошумчалады. Артыкбаев мыйзамды бузбагандыгын жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында гана иштегендигин баса белгиледи. "Долбоор боюнча чечим мен министр болуп дайындалганга чейин эле жогорку деңгээлде кабыл алынган. Атап айтканда, мага чейин эле долбоорду кайсыл компания ишке ашырат, качан башташат жана качан аяктайт, бул дагы аныкталып калган. Ошондой эле каржылоо булагы дагы белгилүү болгон. Министрлик жана ведомстволор болгону өз компетенциясынын алкагында процедуралык тапшырмаларды гана аткарган. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча долбоордун өзү «Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы» деген аталыштагы мамлекеттик программага кирген. Министерство жана ведомстволорго бул программанын негизинде тапшырмалар коюлган, жана алар өз ыйгарым укуктарынын алкагында аны так аткарышкан. Министерстволор менен ведомстволор чечим кабыл алышкан эмес. Чечимдер абдан жогорку деңгээлде кабыл алынган", - деди Артыкбаев. Артыкбаев ошондой эле ал бир дагы келишимге кол койбогондугун, долбоор боюнча бардык чечимдер кабыл алынгандан кийин гана кызматка келгендигин эске салды. Ошондой эле ал модернизациялоонун өзүнө дагы катышпагандыгын, анткени ал модернизациялоо башталганга чейин эле кызматтан бошотулгандыгын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhebin-modernizacialoogo-bajlanyshtuu-ish-boyuncha-sot-processi-ulandy
Добавить комментарий ×