ЖЭБ соту: Сот Артыкбаевди, Биримкуловду, Назаровду бошотту

6 декабря 2019 23:35 5239 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандын экс-премьер-министри Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга барган деп айыпталып, 15 жылга кесилди. “Энергохолдинг” ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да бул иште айыбы далилденип 15 жылга эркинен ажыратылды.

Мындай өкүмдү бул ишти караган Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова бүгүн чыгарды.

Сот экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деп айыптап, 7 жыл 6 ай мөөнөткө камакка алууга өкүм кылды.  

Соттун чечими менен “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы генералдык директору Салайдин Авазов 11 жыл, 3 айга кесилди.

Ал эми аталган мекеменин башкы директорунун орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тобунун экс-директору Темирлан Биримкулов сот тарабынан айыптуу деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Тергөө жайына камакка алынган убакытты эске алуу менен сот аларды залдан бошотту.

Ал эми экс-Финансы министри Ольга Лаврованы айыптуу деп таап, 3 млн сомдук акчалай айып салды. Баш коргоо чарасын үй камагында калтырды.

Сот Парламент депутаты, мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 млн сом айып салып, сот залынан бошотту. Сотто Артыкбаевдин айыбы далилденбегендиктен ага тагылган беренелерди өзгөртүү өкүмүн чыгарды.

 Эскерте кетсек, Артыкбаев буга чейин Кытайдын Эксимбанкынан алган насыяны төлөө үчүн өз ыктыяры менен 100 млн сом төлөгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/zheb-sotu-sot-osmonbek-artykbaevdi-boshotup-sapar-isakovdu-15-zhylga-kesti



Добавить комментарий