Сот БШКны “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоодон өткөрүүгө милдеттендирди

9 сентября 2020 21:58 3448 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын доо арызы боюнча чечим чыгарды.

Эскерте кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган.

Сот партиянын талабын канааттандырып, БШКнын партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимин жокко чыгарды.

Сот БШКны “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоого милдеттендирди.

Сот отуруму жүрүп жатканда  “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тарапкерлери Бишкектеги Свердлов райондук сотунун имаратынын алдынды соттон акыйкат чечим чыгарууну талап кылып турушту.

Партиянын лидери Адахан Мадумаров соттун чечимине комментарий берип жатып, ал канааттангандыгын баса белгиледи.

Эскерете кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу топ “Бүтүн Кыргызстан” партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган.

Ссылка: https://barometr.kg/sot-bshkny-btn-kyrgyzstan-partiyasyn-kattoodon-tkrg-mildettendirdi



Добавить комментарий