Сот “Антошка” кафесинин ижарачысын камактан бошотту

11 ноября 2019 17:15 1842 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин Свердлов райондук соту өрт чыгып, жарылуу болуп 21 жаштагы кыз каза болгон “Антошка” тез тамактануу жайынын ижарачысын камактан бошотту. Шаардык милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, 1963-жылы туулган К.А. сотко чейинки өндүрүштүн алкагында үй камагында болот.

Милициянын тергөө кызматы аны Жазык кодексинин “Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 9-ноябрда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

8-ноябрда “Ала-Тоо” кино театрынын маңдайындагы тез татым жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы бир кызматкер кыз көз жумган. Өрт ошол эле күнү толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөн жабыркаган 7 адам Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда жаткырылган. Арасында эки жаш бала бар.

Ссылка: https://barometr.kg/sot-antoshka-kafesinin-izharachysyn-kamaktan-boshottu



Добавить комментарий