Жер ресурстар башкармалыгы санарип форматына өттү

27 августа 2020 15:55 1479 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) санарип форматына биринчилерден болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Азамат Сагындык уулунун бүгүн онлайн-брифингде берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

 Башкармалыкта иш кагаздарын жүргүзүү толугу менен автоматташтырылган маалыматтык тутумга (АМТ) киргизилген. Бардык келип түшкөн каттар, арыздар, жарандардын, ишкерлердин кайрылуулары жана башка документтер санариптештирилгендиги айтылат.

Аталган башкармалыктын ыкчам иштөөсү үчүн ыкчам жооп коддорунун тутуму (QR-код) иштелип чыккан. Азыр муниципалдык жердин ар бир объектисинин атайын коду бар. Код менен киргенде адистер жер участогу, анын функционалдык максаты, келишимдин саны жана мөөнөтү, ижарачы тууралуу маалыматтарды жана төлөө жөнүндө отчет алышат. Бул процедуралык маселелерге кеткен убакытты бир топ кыскартат.

Кызматтардын санарип реформасы жарандарга ачык-айкын, жеткиликтүү болуп, коррупциялык тобокелдиктерди азайтат. Мындан ары тааныштарды издөөнүн кажети жок, сиз санарип технологияларды колдонушуңуз керек. 


Ссылка: https://barometr.kg/emi-zherdin-izhara-akysyn-zhana-kelishimdin-nmtn-sanarip-tehnologiyanyn-zhardamy-menen-bile-alasyz



Добавить комментарий