Бишкек мэриясы жерди ижарага алып, акысын төлөбөй жүргөн ишкерлерди сотко берди

26 августа 2020 10:45 643 Barometr
Поделиться в:
ok

Мэрия Бишкек шаарынын «Ак Өргө» жаңы конушунундагы ишкерлерге кырк тогуз жылга берилген жердин ижара акысын ала албай сотко доо арызы менен кайрылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына шилетеме берип «Барометр» билдирет.

 Маалыматта, «Ак Өргө» жаңы конушунундагы Ашар көчөсүнөн 16 миң чарчы метр жер мечит жана медресе окуу борборун курууга 49 жылга убактылуу берилген. Бирок, ижара акысы туруктуу төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу, мэриянын Жер ресурстар башкармалыгы шаарга карызды мыйзам чегинде өндүрүп берүү жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылган. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча доо арыз толугу менен канааттандырылгандыгы айтылат.

«Биз Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча соттук аткаруу кызматы менен биргеликте 2 миллион 357 миң 996 сом 67 тыйын карызды өндүрүп алдык», -деди мэриядан.

Мэрия ижарачы-ишкерлерден муниципалдык жерди колдонуудагы ижара акысын убагында төлөөнү өтүндү.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-meriyasy-zherdi-izharaga-alyp-akysyn-tlbj-zhrgn-ishkerlerdi-sotko-berdi



Добавить комментарий