Шыкмаматов 2012-жылга чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууну сунуштады

22 марта 2019 17:41 15204 Barometr
Поделиться в:
ok

 «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Жер кодексине, “Индивидуалдуу жеке курулуш жөнүндө”, “Мүлккө  муниципалдык укук жөнүндө” КРнын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Жогорудагыдай өзгөртүүлөргө ылайык, 2012-жылга чейин курулган, зарыл болгон укукка ээ экендиги тууралуу документи жок турак үйлөр мыйзамдаштырылат. Тиелешүү мыйзам долбоору бүгүн, 22-мартта Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга чыгарылды.

“Бишкек шаарында жана Ош шаарында мыйзамсыз турак жайлардын курулушу башкы маселелердин бири болуп саналат. Тиешелүү документтери жок курулуштардын маанилүүлүгү менен масштабдуулугу, аларды мыйзам чегинде легалдаштыруу зарылдыгы бийликтин баардык деңгээлдеринде каралып жатат”,-деп жазат депутат.

Бишкек мэриясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 47 жаңы конушта 6 382жер участогунда мыйзамсыз турак жайлар курулганы аныкталган, алардын 3 589ун мыйзамдаштырса болот.

“Жер участокторунда укугу жок жарандар арасында социалдык зор чыңалууну, ошондой эле ушунча курулуштарды алып салуу мүмкүн эместигин эске алуу менен 2012-жылдын 3-августуна дейре тиешелүү укуктук документи жок жеке турак жайлардын жер участокторун легалдаштыруу жөнүндө”КРнын мыйзам долбоору иштелип чыкты”,-деп түшүндүрдү депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/shykmamatov-2012-zhylga-chejin-kurulgan-jlrd-myjzamdashtyruunu-sunushtady



Добавить комментарий