Ошто ооруканадан качып кеткен кылмышка шектүү Бишкек шаарынан кармалды

20 декабрь 2019 18:05 10241 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери  тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында ,  ооруканадан качкан, каракчылыкка  шектүү Калдыбаев Алмаз Адылович Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Басма сөз кызматы билдирди.

 "Кошумча маалыматтар дагы берилет", - деп билдирди Басма сөз кызматы.  

Эске салсак, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 17-декабрь күнү болжол менен саат 13.00 чамасында Ош шаардык ооруканасынын нейрохириургия бөлүмүнөн изин жашырып кеткен  Калдыбаев  Алмаз Адыловичке издөө жарыяланган. 

Ал Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 202-беренесине ылайык (каракчылык) шектүү катары кармалган. Ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып,  милиция кызматкерлердин кайтаруусунда болгон. 

Кандай шартта качып кеткендигин айтылган эмес.

Алмаз Калдыбаев -баш сөөгүнөн операция болгон. Башы таңылуу бойдон ооруканадан качып кеткен.

Ош шаарынын аймагында качкан шектүүнү кармоого багытталган "Сирена" операциясы киргизилген. 

Кылмышка шектүү Калдыбаев Алмаз Адылович, 1989-жылы туулган. Кара-Суу районунун Лангар айылынын тургуну. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан 41-жатаканада убактылуу жашаган. 

Ссылка: https://barometr.kg/shekt-kaldybaev-almaz-adylovich-bishkek-shaarynan-karmaldy



Добавить комментарий