Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 13-16-ноябрларда кар жаайт
Кыргызстанда 12-ноябрдан 16-ноябрга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
12-ноябрда күндүз жана 13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар көчкү журушу мумкун.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 13-16-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5 градус суук болот.
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°ту тузот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4 градус суук болушу күтүлүүдө.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -7…-12 градус суук болушу маалымдалууда. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-kyrgyzstanda-13-16-noyabrlarda-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×