Шашылыш билдирүү: 10-11-сентябрда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт
10-11-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын областтарынын көпчүлүк райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
11-сентябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл областынын көпчүлүк аймактарына жамгыр жаайт, Талас жана Нарын областтарынын бийик тоолуу аймактарына кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы транспорттун, коммуналдык кызматтардын ишин, жайытка мал жаюну кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-10-11-sentyabrda-zhamgyr-tooluu-ajmaktarda-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×