4-6-ноябрда тоолордо -26 градуска чейин суук болуп, кар жаайт
4-ноябрда жана 5-ноябрда түнкүсүн аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.
4-ноябрда көп аймактарда жаан-чачын жаап, жаандын арты карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар калың жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
4-6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз -2…-7° градуска чейин суук болот.
-Талас областында түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8° градус суук болот.
-Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында түнкүсүн -1…-6° градус, күндүз 0…5° градус суук болот.
- Ысык-Көл областында -6…-11°, күндүз -1…-6° градус,
-Нарын областында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7° градус суук болот.
-Тоолуу райондордо -21…-26°, күндүз -10…-15° градус суук болмокчу.
Ссылка: https://barometr.kg/4-6-noyabrda-toolordo-26-graduska-chejin-suuk-bolup-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×