15-июнга карата аба ырайы: Кыргызстанда өткүн өтөт, Бишкекте күн ачык болот
15-июнда Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад , Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.
Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Абанын температурасы:
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй облусунда +26… +3°;1
Талас облусунда +25… +30°;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +29… +34°;
Ысык-Көл облусунда +21… +26°;
Нарын облусунда +18… +23°;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +29… +31° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/15-iyunga-karata-aba-yrajy-kyrgyzstanda-tkn-tt-bishkekte-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×