Санкт-Петербургда Кыргызстандын жараны экскватордо басылып калып каза тапты
Санкт-Петербургда 25-апрелде "Северная корона" мейманканасын бузуп жаткан маалда кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары кабарлоодо, ошондой эле маалыматты Россиянын Тергөө комиети тастыктады.
Таштандынын үймөгүндө турган кран жылып кетип, кулаган.
“Кыйроо болгон эмес, кран курулуш таштандысынын үстүндө туруп кулаган жана жумушчуну басып калган”,-деп айтты Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Санкт-Петербург боюнча башкы башкармалыгынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Андрей Литовка.
Каза тапкан эркек 36 жашта болгон. Машинист экскаватордун ичинде калган.
Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-kyrgyzstandyn-zharany-ekskavatordo-basylyp-kalyp-kaza-tapty
Добавить комментарий ×