Кыргызстандык Санкт-Петербургда жергиликтүү тургунду бычактады
Поделиться в:
Санкт-Петербург шаарында эки мигрант жергиликтүү тургунду бычактап кетишкен. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары маалымдашканын “Барометр” кабарлайт.
Аталган маалыматка таянсак, полиция Большая Конюшенная көчөсүндөгү №2 үйдүн подъездинен бычактан жаракат алган эркекти табышкан. Жабыр тарткан киши 35 жаштагы Санкт-Петербургдун жашоочусу экени аныкталды. Аны оор абалда ооруканага жеткиришти.
Шектүүлөр кармалды. Алар Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары экени аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-sankt-peterburgda-zhergilikt-turgundu-bychaktady
Добавить комментарий ×