Саламаттык сактоо министрлиги: Ат-Башы районунда абал турукташып келе жатат

7 мая 2020 10:54 1102 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Ат-Башыда көйгөйлүү катары саналган үч калктуу конуш бар экенин маалымат жыйында айтты. Алар — Ача-Кайыңды, Бирлик айылдарында жана Ат-Башы районунун өзү.

“Оорунун басаңдаган белгилери байкалууда. Өзүнчө тартип менен иш алып баруу улантылууда. Бүгүнкү күнү оорулуулар менен контакта болгондорду аныктап бүтүп калышты. Көзөмөлгө алынды. Жаңы учурлар Ат-Башыда катталган жок. Ошентсе да күч органдарынын өкүлдөрүнө оору жугуп калганын көйгөйлүү учур катары карап жатабыз. Бул маселени чечип алсак, Ат-Башыдагы эпидемиологиялык абалды туруктуу кармап калабыз”, — деди Үсөнбаев.

Эске салсак, 7-майга карата Кыргызстан боюнча 895 кишиге коронавирус жукканы ырасталды. Ошол эле учурда ооруканадан 637 бейтап айыгып чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministrligi-bashy-rajonunda-abal-turuktashyp-kele-zhatat



Добавить комментарий