Кыргызстандагы коронавирус: 7-майга карата илдет 895 кишиге жукту
Поделиться в:
7-майга карата республика боюнча коронавирустун жаңы 24 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Ошентип Кыргызстан боюнча коронавирус жуккандардын жалпы саны 895 кишиге жетти.
Жаңы катталган 24 учур төмөнкү аймактарда табылды:
Бишкек ш. – 2
Чүй облусу - 4
Ош облусу - 3
Жалал-Абад облусу - 3
Нарын облусу - 12.
Ошол эле учурда ооруканадан 637 бейтап айыгып чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-7-majga-karata-ildet-895-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×