Рыскелди Момбеков Терек Сайдагы чыр тууралуу: "Эмнеге түрктөрдүн фирмасына пост коюп бердиңер?"
Поделиться в:
"Өзгөчө кырдаал киргизилбеген соң атайын полк Терек-Сайга эмнеге барды?" Мындай суроо менен депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылды.
Эл өкүлү ИИМ бул кадамы менен элди коркутту деген пикирде. "Эмнеге түрктөрдүн фирмасына пост коюп бердиңер? Бул маселени бастырыш үчүн жөнөкөй аймактык милицияны жөнөтсөңөр болбойт беле?" - деди Момбеков.
"Кыргызалтын" мекемесинин башчысы инвестор министрден иштегенге шарт түзүп бергиле деп суранганын айтты. Ал эми Курсан Асанов милиция кызматкерлерин жарандар ургандыгы үчүн кошумча күч тартылганын билдирди.
Добавить комментарий ×