Данияр Конокбаев "Кыргызалтын" ААКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

21 ноября 2020 12:52 1572 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 20-ноябрда "Кыргызалтын" ААК компаниясына жаңы дайындалган төраганын орун басары Конокбаев Данияр Тынычбекович жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Тиешелүү буйрукка "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Элмырза Укубаев кол койду.

Конокбаев ишкананын каржы-экономикалык блогун көзөмөлдөйт.

Укубаев жаңы төрага орун басарын тааныштырып жатып, Конокбаев буга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын финансы-кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеп келгенин жана бүтүндөй мамлекеттин бюджеттик саясатын түзүүгө катышкандыгын белгиледи.

«Конокбаевге чоң жоопкерчилик жүктөлдү – бул «Кыргызалтын» ишканаларына түшүүлөрдү оптималдаштыруу аркылуу инвестицияларды жана салыктык кирешелерди тартуу менен республиканын бюджеттик бөлүгүнүн көбөйтүү милдеттендирилди. Ал тапшырманы ийгиликтүү аткарат деп ишенем », - деди Укубаев.

Маалымдама:

Конокбаевдин эки жогорку билими бар. 2011-жылы И. Разаков атындагы КМТУнун алдындагы Менеджмент жана Бизнес институтун “Экономика жана ишканаларды башкаруу” адистигин аяктаган. Ага "Экономист-Менеджер" квалификациясы берилген.

2008-жылы ошол эле институттун “Маалыматтык технологиялар” факультетин аяктаган, “Радио байланыш, уктуруу жана телевидение” адистиги боюнча инженер квалификациясын алган.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык ченине ээ.

2020 –жылдын июль айынан азыркы учурга чейин (08.30. 2019-2020/ 2016-2019 ж.ж)

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын финансы-кредит саясаты  бөлүмүнүн башчысы.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын финансы-кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти. Төмөнкү багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин куратору:

бюджеттин чыгымдары, орто мөөнөткө бюджеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу;

кезектеги финансылык жылга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгуу;

республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу;

Кыргыз Республикасынын премьер-министринин каражаттарынын сарпталышына мониторинг жүргүзүү;

мамлекеттик инвестициялар программасын ишке ашыруу;

мамлекеттик карызды башкаруу маселелери;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен келип түшкөн кат-кабарларды кароо (комитеттердин чечимдери, Жогорку Кеңештин токтомдору, депутаттардын суроо-талаптары, стенограммалар) жана алар боюнча кыскача маалыматтарды даярдоо.

2014-2016 ж.ж

"Альфа Телеком" ЖАКтын сатып алуу бөлүмүнүн адиси (соода маркасы - Мегаком).

2012-2014 ж.ж

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак жай курулушун өнүктүрүү жана ипотекалык насыялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2011-2012 ж.ж

Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын экономика, соода жана тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси.

2010-2011 ж.ж

Жеке ишкер.

2009-2010

"Мега Лайн" ЖЧКнын локалдык тармактарынын техниги.

2008-2009 ж.ж

ОсОО Integra Plus (Sky Mobile) үчүн технологиялык жабдууларды орнотуучу.

Ссылка: https://barometr.kg/daniyar-konokbaev-kyrgyzaltyn-aaknyn-tragasynyn-orun-basary-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий