Рыскелди Момбеков: Сулууларга көз кыскан эркектерди камай берсеңер эркек калбай калат го
Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргызстанда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчет берип жаткан маалда депутат Рыскелди Момбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин камакка алынышы боюнча суроо узатты.
“Былтыркы жылы сиз баяндама жасаганда мен айттым эле “бул башкы прокурордун эмес, башка прокурордун отчету” деп. Анткени сиз жебеген самсыга акча төлөгөнсүз. Эми башка прокурор эмес, башкы прокурор деп сизге ыңгайсыз суроолорду берип көрөйүн. Эки күн мурда Мамлекеттик каттоо кызматтынын жетекчилери - орун басары жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси камакка алынды. Муну канчалык деңгээлде мыйзамдуу деп эсептейсиз?”,-деп сөзүн баштады депутат.
“Рыскелди Чыныбекович, тергөөчү өз алынча тарап, эгерде адамды эки суткага кармайм десе анын укугу бар. Иш козгогон башка тергеген башка. Тергөөчү мыйзамга ылайык өз чечимдерин өзү кабыл алат. 48 саатка ал шектүүнү кармаган, эгер эртең бөгөт коюу чарасын же айыбын угуза турган болсо, далилдер жетиштүү болсо анда биз кылмышка шектүү катары үч адамга тең кабарлоо беребиз. Башка учурда камактан чыгаруу боюнча өз укугубузду колдонобуз”,-деп жооп узатты Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.
“Бирок УКМК 253 миллион сом мамлекетке зыян келтирди деп жатат, зыян келгени аныкталганбы?”,-деп собол узатты Момбеков.
“Иштин козголгон фабуласы боюнча ал жерле 253 миллион сом зыян келип жатат, паспорттордун бланкалары кымбат көрсөтүлүп калды деген факты менен иш козголду. Анык бир адамдын үстүнө эмес, кызматтык кылмыш катары жалпы факты түшүп жатат. Бул аракеттерге убакында бөгөт коюлбаса балким келишим түзүлмөк. Тергөө бир чечимге келет. Азыр мен туура же туура эмес деп айтсам тергөөчү менин сөзүмдү байрак кылып, мобундай чечим кабыл алышым керек экен деп чечим кабыл алып коюшу мүмкүн. Ошондуктан тергөөнүн жыйынтыгы менен карап чыгабыз”,-деп белгиледи Башкы прокурор.
“Кылмыш-жаза кодексинде адам анын күнөөсү үчүн келип чыккан кесепеттер үчүн гана жазага тартылууга тийиш деп каралган. Бул жерде зыян дагы аныкталган жок. Кесепет дагы аныкталган жок”,-деп эскертти бул тууралуу эл өкүлү.
“Бул жерде мыйзамдын, мамлекеттин, коомчулуктун койгон талабы бузулуп жатат”,-деп жооп берди Жамшитов.
“Мүмкүн алардын оюнда батыраак байып кетсек деген нерсе бардыр. Бирок көз салган менен кол салгандын айырмасы бар да, алар кол салган жок. Көз салды. Күнөөсү үчүн эмес, мүдөөсү үчүн камакта отурушат. Мүдөөсү болду, алсамбы деген оюу болду. “Сулууларга суктанууга акым бар” дегендей көчөдөгү сулууларга көз кысып койсо эркектердин баарын оюң жаман экен деп алып барып камай берсеңер эркек калбай калат го? Экинчи маселе Аскарбек Шадиевдин мүлкүн камакка алуу мыйзамдуу болдубу?”,-деп айтты Момбеков.
“Мен сизди түшүнгөн жокмун көзүн кысканды, тергөөчү эки суткага камаганга укугу бар. Шадиев боюнча мыйзамдуу болду. Соттун өкүмү бар.”,-деп жооп берди Башкы прокурор.
Эскерте кетсек, 15-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы үч адам камакка алынган.
Добавить комментарий ×