Рустамбек уулу Советбек: "Ишеним" партиясы куру убадаларды бербейт!

26 ноября 2021 14:09 Barometr
Поделиться в:
ok

"Ишеним" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рустамбек уулу Советбек менен алдыда боло турган шайлоо, өзүнүн программасы тууралуу кыскача мектештик.

-Сиз эмнеге шайлоого аттандыңыз? Бул эмнени өзгөртө алат?

–Менин максатым депутат болуу элдин пайдасына жарай турган мыйзамдарды кабыл алуу. Топ адамдардын кызыкчылыгын көздөө үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөө үчүн.

- Мен сизге эмнеге добуш беришим керек?

– Мен жөнөкөй экономистмин. Карапайым адамдын кантип жашап жатканын, кандай көйгөйлөрү бар экенин жакындан билем. Элдин маселелрин чечүүдө менин көз карашым башкача.

- Программаңыз кандай жана аны кантип ишке ашырасыз?

–Жаңы жумуш орундарын берүү, аларга татыктуу айлык менен камсыз кылуу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү.

-  Эмнеге "Ишеним" партиясын тандадыңыз?

–Бул партия кооз сөздөрдү куру убадаларды бербейт, партия иштөөгө даяр!

Талапкер Рустамбек уулу Советбек тууралуу маалымат

Рустамбек уулу Советбек 1976-жылдын 9-сентябрында Ош облусунун, Ноокат районундагы Жатан айылында төрөлгөң. 1983-1993-жылдары Мукай Элебаев атындагы орто мектебинде билим алган. 1994-жылдан тарта Бишкек шаарында ишкерлик менен алектенген. 2009-2014-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетинин Информатик-экономист адистиги боюнча билим алган. 2019-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын “ Алыш”бел боо курошунун вице-президенти болуп дайындалган. 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кошкон зор салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын өкмөт башчынын ыраазычылык каты менен сыйланган.2019-жылы Кыргыз Биримдиги коому тарабынан “ Жылдын мыкты кайрымдуу ишкер мырзасы 2019” диплому менен сыйланган.Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен шайлоого катышууда. Рустамбек уулу Советбек үчүн партиянын тизмесинде 45-номер менен добуш берсеңиз болот!

Даярдоочу: «Barometr.kg.» редакциясы. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 26-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).

Ссылка: https://barometr.kg/rustambek-uulu-sovetbek-ishenim-partiyasy-kooz-szdrd-kuru-ubadalardy-berbejt



Добавить комментарий