Арнольд Шварцнеггер АКШдагы президенттик шайлоого катышууну каалай турганын билдирди

16 июня 2023 14:00 527 Barometr
Поделиться в:
ok

Голливуд актёру, Калифорниянын мурдагы губернатору Арнольд Шварцнеггер АКШдагы президенттик шайлоого катышууну каалай турганын билдирди. Бул тууралуу "Терминатор" тасмасынын жылдызы The People журналына айткан маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

АКШнын конституциясына ылайык, АКШда төрөлгөн адам гана мамлекет башчысы боло алат. Шварцнеггер Австрияда төрөлгөндүктөн президенттикке талапкер боло албайт. Басылманын журналисти Крис Уоллес 75 жаштагы актердон бул конституциялык тыюу алынып салынса, 2024-жылдагы шайлоого катышар-катышпасын сурады.    
 
 
 

Шварцнеггер “ооба, албетте” деп жооп берди. Актёр 2003-жылы Калифорниядагы губернаторлук шайлоодо жеңип чыкканын президенттик шайлоо менен салыштырып, президенттик шайлоодо кантип жеңишке жетээрин так элестете турганын айтты. "Калифорниядагы шайлоодо жеңгенимдей эле мени шайлоочулар колдошот. Мен талапкерлигимди койгондо, шайлоочулардын баарын бириктире ала турган талапкерди издеп жатышканы көрүнүп турду. Адамдар жаңы жүздү издеп жатышты", - деп түшүндүрдү Шварцнеггер.     

Ссылка: https://barometr.kg/arnold-shvarcnegger-akshdagy-prezidenttik-shajloogo-katyshuunu-kaalaj-turganyn-bildirdi



Добавить комментарий