Роза Отунбаева: "Бүгүн тарыхый күн, акыйкат келди Кыргызстанга!"

29 августа 2019 19:51 3779 5 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду экс президент Роза Отунбаева келип куттуктады. 

Жолугушуу партиянын кеңсесинде болду.

"Бүгүн бактылуу, тарыхый күн. Эки жыл жети ай кандай гана кыйынчылыктарды башынан ѳткѳрүшсѳ да эки жигит аягына чейин турушту. Силерди колдогон тарапташтарыңарга таазим. Акыйкат бар экен! Акыйкат келди Кыргызстанга!",- деди Отунбаева.

Бүгүн, 29 августта, Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарды.

Сотко Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттар өтүнүч келтиришкен. Сот аны канааттандырып, сот залынан бошотту.

Текебаев менен Чотоновду сот имаратынан жанынан үй-бүлөсү, бир туугандары, партиялаштары, тарапташтары күтүп чыгышты. 

Ссылка: https://barometr.kg/roza-otunbaeva-bgn-baktyluu-kn



Добавить комментарий

  • ГУЛМИРА 5 лет назад
    Садыр Жапаровты качан чыгарасынар бийлик???
  • Сиз айткан адилеттик Ош окуяларындагы жазыксыз жабыркаган жана коз жумган адамдар учун сиз жана Убактылуу окмот мучолору жоопко тартылганда да келет буюрса. Пенделердин коздорун боео мумкун, а бирок Кудайдын эсеби так болоорун унутпаныз. Силер тынчтыкты бузуп, кан токконсунор...
  • Иссыккулец 5 лет назад
    Не считаю так. Оправдать и в спикеры, может тогда жк реабилитируется.
  • Эмнеге Садыр Жапаровду да ушундай колдоп,чыгарып албайсынар?Де силердин касяктарынар коппу?Айтып коебу ?
  • Теперь я точно знаю," Мафия бессмертна"