Ренат Медетбеков: “Сот 3 жылдан бери биздин ишти кечиктирип, тиешелүү чечим кабыл албай келет”

25 декабря 2018 11:21 861 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

24-декабрда Чүй облусунун райондук сотунда насыя берүүчүлөр Медетбеков Р. А. жана Турдукулов М. Н. тарабынан ОсОО “Ареопаг-Бишкеке” болгон арызынын негизинде соттук отурум болуп өттү.

Соттук иштин жүрүшүндө Медетбеков Р. А.менен Турдукулов М. Н., сотко өздөрүнүн талаптарын билдиришти. Бирок эмнегедир сот айтылган бир да талапты орундатууга макулдугун берген жок. Ал эми сот залында отурган журналисттерге болсо видео тасмага түшүрүүгө да тыюу салышты.

Эң кызыгы Saima Telecom жабык акционердик коомунун өкүлү сот ачык тартипте өткөрүлүп жаткандыгына карабай Вarometr.kg сайтынын журналистине улам бир талаптарды коюп сот залынан чыгып кетүүсүн аракетин кылып жатты. Массалык маалымат каражаттарына тарап кетишинен корктубу айтор ал жагы белгисиз бойдон кала берди.

Ал эми сот эмнегедир отурумду кечиктиргенден кечиктире берди. Мисалы соттук иштин жүрүшүн видео тасмага түшүрүү сунушун кароо үчүт сот чечим чыгарууга 1 сааттай убакыт кетирди. Бул учурда эки тарап кайым айтышууларга чейин жетип, кийин кайра бирдей позицияда сөз кылууга да жетишишти.

Ренат Медетбековдун айтымында сот менен каршы тараптын пикири бир. Ошондуктан сот органдары адилеттүү чечим кабыл албай жатат.

“Сиз берилген тапшырманы гана аткарып жатасыз!” -мындай сөздү сотко бир канча жолу кайталады Медетбеков.

Ренат Медетбековдун айтымында бул сот иши 3 жылдан бери дал ушундай өңүттө кечиктирилип аягына чыкпай келет.

Ссылка: https://barometr.kg/renat-medetbekov-sot-3-zhyldan-beri-bizdin-ishti-kechiktirip-tijeshel-chechim-kabyl-albaj-kelet



Добавить комментарий