Президент: "Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 километр жолго асфальт төшөлөт"
“Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 километр жолго асфальт төшөлөт”- деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.
“Транзиттик мамлекет болууга аракет кылып жатабыз. Мурунку башталган иштердин баары уланууда. «Бишкек-Ош» жолунун – «Кара-Балта-Бишкек» жана «Маданият-Жалал-Абад» участокторун ремонттоо иштери аткарылып жатат, ырааты менен бүтөт. Мындан тышкары ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир район борборлорунда жыл сайын 3 км кем эмес жолдорун асфальттоо боюнча маселеси бар. 2018-жылы бул багытта иш солгундады. Быйыл бул маселе өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болот”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zhyl-sajyn-ar-bir-rajondun-borborunda-3-kilometr-zholgo-asfalt-tshlt
Добавить комментарий ×