Президент Жээнбеков маалымат жыйында 50дөй суроого жооп берди

25 декабря 2019 15:37 1050 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбековдун журналисттер менен маалымат жыйыны үч саатка созулду. Өлкө башчысынын жылды жйынтыктоочу салтка айланган ЖМКлар менен суроо-жооп форматындагы жолугушуусу бүгүн, 25-декабрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү. Жыйынга катышуу үчүн 188 журналист аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болсо, 28и —Тышкы иштер министрлигинде катталган 15 чет өлкөлүк ММКнын журналисттери катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3 саат ичинде баш-аягы 50дөй суроого жооп берип үлгүрдү.

Алардын катарында Аймактарга берилип жаткан жеңилдетилген насыялар, колдоолор, коррупцияга шектелип жаткан Раим Матраимов жана бажыдагы коррупция, бажыны санариптештирүү, Азимбек Бекназаровдун элчиликке дайындалышы тууралуу суроолорго жооп берди. Өлкө башчысы ошондой эле феминалле көргөзмөсүндө жылаңач аялдын музейде чыгарылганы тууралуу суроолорго жооп айтты.

Мындан тышкары журналисттер чек ара, мамлекеттик тил, тышкы саясат, алдыдагы Парламенттик шайлоо, Өмүрбек Бабановдун саясаттан кетиши, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тагдырына байланшкан суроолорду беришип, жооптор айтылды.


Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheenbekov-maalymat-zhyjynda-50dj-suroogo-zhoop-berdi



Добавить комментарий