Президент: Менин саясий атаандаштарым Раимди жасалма жол менен коррупциянын символу кылып жатышат
Поделиться в:
Президент Сооронбай Жээнбеков Бажынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду политтехнологдор атайын каралап, мага жакындаткысы келип жатышат деди.
“Коррупционерлер берген каражаттарга иштеген политтехнологдор атайын Раим Матраимовду коррупциянын символу кылганы жатат. Кийин ал аркылуу мага да сөз тийгизүүнү максат кылгандар бар. Матраимовго окшогондор Кыргызстанда миңдеп саналат. Бажыда 20 жылдай иштегендердин башкалары да байкуш эмес", - деди президент.
Жээнбеков экс-бажычы Райымбек Матраимов темасын көртөргөндөрдүн артында өзүнүн атаандаштары турат деп айтты.
Добавить комментарий ×